Грек жаңгагынын мыкты экспорттоочусу 2018

“Золотой Орех” компаниясы Кыргыз Республикасындагы АКШ Эл аралык өнүктүрүү (USAID) агенттигинин “Конкуренттүү ишкана" долбоорунун техникалык колдоосунун алдында Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу – 2018” Улуттук сынагынын алкагында грек жаңгагынын мыкты экспорттоочусу болуп таанылды.

2018-жылдын эсебинен компания Евразия Биримдигинин өлкөлөрүнө 105 млн. сомдун тегерегинде грек жаңгагынын маңызын экспорттогон. Сыйлыктарды тапшыруу салтанаты 2019-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен Бишкектеги Хаятт Ридженси мейманканасында уюштурулду. Аталган иш чарага “Золотой Орех” компаниясынын башкы директору Мааданбек Караев катышып, грек жаңгагын экспорттоо багытындагы мыкты жетишкендиктери үчүн “Күмүш рейтинги” аталышындагы номинациядагы диплом менен сыйланды.

Пресс-борбору