Кыргызстанда жаңгак плантацияларын түзүү сунушталууда.

Кыргызстанда жаңгак плантацияларын түзүү сунушталууда. «Кыргыз Республикасында грек жаңгагын культивациялоо жөнүндө» мыйзам-долбоорду Жогорку Кеңештин бир нече депутаттарынан турган депутаттык тобу иштеп чыгып коомдук талкууга алып чыгышты.

Жалал-Абад жана Ош областарында жайгашкан өзгөчө болгон жаӊгак жемиштүү токойлор Кыргызстандын токой массивинин өтө баалууларынын ичинен кирээри мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде белгиленген. Аталган токойлор генетикалык биологиялык ар түрдүүлүктүн жана бул аймактарда жашаган калктын кирешелеринин өзгөчө маанилүү булагы болуп саналат.

Мыйзамды иштеп чыгуучулар дүйнөлүк базарда экологиялык таза өндүрүмдөргө, анын ичинде жаӊгактарга суроо-талаптардын өскөндүгүн белгилешет.

“Андыктан жаӊгак жемиш өсүмдүктөрүнүн плантациялары ээлеген аянттарды кеӊейтүү, болгон бактардын жемиштеринин өнүмдүүлүгүн жогорулатуу, жаӊгак өндүрүмдөрүнүн сапатын жакшыртуу жана анын экспортун көбөйтүү зарыл экенин кошумчалашат. Өлкөдө жаӊгактарды өндүрүүнүн көлөмүн олуттуу жогорулатуу иш орундарынын өсүшүнө алып келет жана калктын жардылыгынын кыскарышын камсыз кылат” – деп кошумчалашты мыйзам чыгаруучулар.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жаңгактын өнөр-жайлык плантацияларын түзүүгө жетиштүү түрдө көңүл бурулбай жатат.

Бул аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө, экономикалык дараметин өркүндөтүүгө жана калктын турмуш деӊгээлин жогорулатууга түрткү бербейт.

Эл өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тармактык илимий институттарынын иштелмелерин жана жаӊгак жемиштүү өсүмдүктөрдүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, жаӊгактарды кайра иштетүү жана өндүрүмдөрдү экспорттоо боюнча сунуштарын колдонуу аркылуу айыл аймактарынын жерлеринде жаӊгак плантацияларын түзүүнү сунушташууда.

Булак: 24.kg Маалымат Агенттиги