Жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өстүрүү технологиялык борбору Кыргызстан үчүн керек

Кыргызстан анын түштүгүндө жаплы аянты 41 миң гектарды түзгөн эң байыркы доорлордон сакталып калган, биологиялык түшүмдүүлүгү 5 миң тоннага чейин жеткен жаңгак токойу бар өлкө катары жаңгак чарбасын өнүктүрүүгө абдан чоң даремети бар өлкө. Өлкөдө грек жаңгагынын өндүрүшүн көтөрүү үчүн ыңгайлуу климаттык шарттар, жер ресурстары жана жумушчу күч бар. Бул багытты өнүктүрүү үчүн бир гана дыйкандардын, илимпоздордун жана мамалекеттик органдардын биргеликтеги аракеттери керек.

Грек жаңгагынын экспортунун өсүүсү өлкөнүн экономикасына олуттуу пайда алып келиши мүмкүн. Жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн бир гана мөмөсү бааланбастан, аны коштогон продукциялары – жыгачы, жалбырагы, сабагы, тамыры дагы жеңил, тамак аш, химиялык жана фармацевтикалык өнөр жайларында чийки зат катары колдонулат. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн өкмөттөрү бул тармактын экспортунан олуттуу пайда алууну көздөө менен тармакты колдоп келишүүдө. Мисалга алсак, Чилинин грек жаңгагын өндүрүү жана экспортоо Бирлиги мамлекет жакынкы келечекте жаңгакты экспорттоодон $1 млрд киреше алууну болжолдоп, бул тармактын өнүгүшүнө бүгүнкү күнү инвестиция кылып жаткандыгын билдирди. Кыргызстанда жаңгак чарбасын өнүктүрүү тармагынын өзүнүн артыкчылыктары бар. Биринчиден бул жумуш орундардын ачылышы жана элет элинин жумуш менен камсыз болушу, жер кыртышынын калыбына келтирилүүсү, жаңгак өндүрүшүнүн жогорку кирешелүүлүгү, продукциянын жогорку деңгээлде экспорттоо дареметинин болушу, айлана чөйрөнүн тазалыгы, баалуу азыктардын жана дарылык касиеттердин болушу.

Грек жаңгагынын дүйнөлүк өндүрүшү акыркы жылдары 2 миллион тоннага жетти. Дүйнөдө өндүрүлүп жаткан грек жаңгагынын 70%ын дүйнөнүн эң ири жаңгак өндүрүүчү өлкөлөрү Кытай (850 миң тонна) жана АКШ (626 миң тонна) чыгарат. Кийинки тизмеде Иран (150 миң тонна), Европалык Союз (130 миң тонна), Украина (127 миң тонна), Чили (120 миң тонна) жана Туркия (63 миң тонна) турат. Грек жаңгагынын дүйнөлүк экспорттоочуларынын ичинен АКШ алдыңкы орунда турат, АКШнын айыл чарба министрлигинин божомолунда экспорттун көлөмү 4% өсүп, 2018-2019 жылдары 727 миң тоннаны түзүшү күтүлүүдө. АКШдагы запастардын тез арада өсүүсүнүн негизинде дүйнөдө болгон жалпы запасы 2018-2019 жылдары 27% өсүү менен 149 миң тоннага жетүүсү күтүлүүдө. Дүйнөлүк рынокто атаандаштык деңгээлине чыгуу үчүн Кыргызстан грек жаңгагын өстүрүү үчүн кошумча аянттарды өздөштүрүп, бул тармакты өнүктүрүүгө ылайык шарттарды түзүүсү зарыл.

2014-жылы Кыргызстан жаңгак жана токой өстүрүүчүлөр Бирлиги өндүрүштүк деңгээлде грек жаңгагын өстүрүү жана жаңы сортторду өздөштүрүү боюнча социалдык-багыт алган пилоттук долбоорду ишке ашырууга киришкен. Бирлик Туркиядан грек жаңгагынын интенсивдүү өндүрүштүк сортторунун 30 миң даана көчөттөрүн Кыргызстанга алып келип, 100 га аянтка грек жаңгагынын экспортунун дареметин көтөрүү максатында тиккен. Кыргызстандын жаңгак жана токой өстүрүүчүлөр Бирлиги Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга улуттук өнүгүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын 2019-2022-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын колдоп, грек жаңгагын экспорттоо жана технологиялык жактан кайра иштетүү максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында “Жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өстүрүү технологиялык борборун” түзүүнү сунуштайт. Грек жаңгагын өндүрүшү боюнча Кыргызстан Евразия Союзунун мамлекеттеринин ичинен алдыңкы орунда турат жана бул экспортко багыт алган тармак катары өлкөгө дүң киреше алып келет.

“Жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өстүрүү технологиялык борбору” төмөнкү маселелерди чечүүнү көздөйт:

  • грек жаңгагын жана башка жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн өндүрүшүн кеңейтүү үчүн мыйзам чыгаруу базаны түзүүгө көмөктөшүү;
  • окумуштууларды, селекционерлерди, өндүрүүчүлөрдү тартып келүү, Кыргызстанда жаңгак продукциясынын гибридин жана сортторун тажрыйбалоо;
  • жаңгак продукциясынын рыногунун инфраструктурасын түзүү, жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча, ошондой эле аны кайра иштетүү боюнча иш чараларды өткөрүү;
  • жаңгак чарбасын өнүктүрүү тармагында көйгөйлөрдү (экономикалык, социалдык, укуктук, технологиялык) анализдөөдө катышуу;
  • жаңгак чарбасын өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу;
  • алдыңкы инновациялык технологияларды изилдөө, өздөштүрүү жана киргизүү;
  • эл аралык маалыматтык алмашуу жараянына катышуу.

Учурда биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк деңгээлинде “Жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өстүрүү технологиялык борборун” түзүү боюнча жакынкы арада долбоорду ишке ашырууну пландап жатабыз.

Жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өстүрүү технологиялык борборун Кыргызстанда ачуу жаңгак токой аянттарын көбөйүшүнө жана продукциясынын сапатынын жогорулашына, ошондой эле бул тармакта дүйнөлүк рынокто алдынкы орундарга чыгууга шарт түзөт.

Мааданбек Караев
Кыргызстан жаңгак жана токой өстүрүүчүлөр Бирлигинин төрагасы